Мирослав Ниязов Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Ал эми Жаныш Рустенбеков Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болду.
Тийиштүү жарлыктарга президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 2-июлда кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин Тажикстанда элчи болуп Урмат Саралаев иштеген. Аны кызматтан бошотуу боюнча жарлыкка 30-июнда кол коюлган. Ал эми Түркмөнстанда Базарбай Мамбетов элчи болуп турган. (SE)