Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Кол күрөш Азия чемпионатында кыргызстандыктар беш медал утту


Жапониянын Сендай шаарында армрестлинг боюнча өткөн Азия чемпионатына Кыргызстандан катышкан 3 спортчу 2 алтын, 3 коло медал утуп алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” кол күрөш федерациясынын президенти Жээнбек Мукамбетов билдирди.

Эки алтын медалды 70 килограмм салмактагы чеберлер арасында оң жана сол кол таймаштарында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын көп жолку жеңүүчүсү Ольга Ярославцева алды.

Эркектер арасындагы мелдеште Сергей Чиналиев оң кол таймашында коло байгелүү болду. Никита Баснин да эки коло медал утуп, үчүнчү орунду ээледи.

Армрестлинг боюнча Азия чемпионаты 24-29-июнь күндөрү өттү. (КМа)

XS
SM
MD
LG