Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Олланд: Саркози айыбы далилденмейин айыпкер эмес


Николас Саркози, 7-октябрь, 2011
Николас Саркози, 7-октябрь, 2011

Франциянын мурдакы президенти Николас Саркози коррупцияга аралашкан жана кылмыш ишин тергөөгө жол бербөө үчүн аброюн пайдаланган деп күнөөлөнүүдө. Мындай бүтүм Саркози камакка алынып, 15 саат сурак бергенден соң жасалганын Франциянын прокуратурасы билдирди. Саркози 1-июлда Париждин ныптасындагы Нантер шаарына суракка чакырылган. Анын адвокаты жана нантералык эки чиновник 30-июнда кармалып, сурак беришкен. Француз медиасынын кабарлашынча, 59 жаштагы Саркози башка бир иш боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу магистратурадан маалымат алган деп шектелүүдө.

Николас Саркози Франциянын кылмыш жасады деп шектелип, камакка алынган биринчи экс-президенти.

Франциянын премьер-министри Мануэл Вальс Париждин BFM TV каналына берген интервьюда олуттуу далилдер бар экенине токтолуп: “Албетте, күнөөсүздүктүн презумпциясын унутпоо керек. Ал ар бир жаранга, анын ичинде республиканын мурдакы президентине, ошондой эле тергөө астындагы адвокатка жана чиновниктерге тиешелүү,” - деди.

Президент Франсуа Олланд күнөөсү далилденмейин Саркозини күнөөлү деп атап болбосун 2-июлда өкмөт жыйынында айтты. Оболу Саркози 2007-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгүнө Ливиянын мурдакы диктатору Муаммар Каддафиден жардам алган деп шектелип жаткан.

XS
SM
MD
LG