Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Шинжаң: Мусулмандардын орозо кармоосу чектелди


Кытай бийликтери шинжандык окуучуларга жана өкмөттүк кызматкерлерге орозо кармабоону буйруду.

2-июлда Шинжаң-Уйгур автоном районундагы мектептердин, өкмөттүк агенттиктердин жана Компартиянын жергиликтүү уюмдарынын сайттарында чыккан билдирүүдө мындай чара окуучулар менен студенттердин жыргалчылыгы жана динди мектептер менен өкмөттүк мекемлерде жайылтпоону көздөгөнү көрсөтүлөт.

Бул кадам Кытайдын түндүк батыш регионда жакындагы бомба жана башка чабуулдардан улам коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тушта жасалды.

XS
SM
MD
LG