Төрт мамлекеттин тышкы иштер министрлери 2-июлда Берлиндеги сүйлөшүүдө Чыгыш Украинада ок атууну токтотуу багытында кадамдарды жасоону макулдашты. Ага ылайык 5-июлдан кечикпей ЕККУнун көзөмөлү астында ок атууну токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдү баштоо каралды.
Орусия украин чек арачыларына “Донецк” жана “Гуково” өткөрмө бекеттерин көзөмөлдөөгө уруксат берди. Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер сүйлөшүүлөрдү “конструктивдүү” деп атады. 30-июнда ок атпоо мөөнөтү аяктаган соң украин күчтөрү жикчилдерге каршы чабуулду күчөттү. (AiT)