Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Нарын: Абакта ачкачылык жарыялагандардын талабы аткарыла элек


Нарында абакта ачкачылык жарыялаган эки жаран – Эсенгул Карагулов менен Эраж Кумарбеков 20 күндөн бери акцияны улантып жатышат. Алар ден соолугу начарлаганына байланыштуу үч күн мурун облустук ооруканага которулган. Коюлган талап боюнча эч кандай аракет көрүлбөй жатканын Карагуловдун жубайы Дамира Садырбаева бүгүн “Азаттыкка” билдирди.

Ачкачылык кармап жаткандар - Жумгал сотунда cоттолуучуларга май чачып өрттөөгө аракет кылган деп камалгандар. Алар тергөөнүн жыйынтыгына нааразы жана иш кайра башынан тергелишин прокуратурадан талап кылып жатат.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү жергиликтүү үч милиционерге кылмыш иши козголгон. 20-февралда окуя боюнча сот жараянында жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркагандардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда жоголгон үчүнчү милиционердин сөөгү 3 айдан кийин табылган. (SE)

XS
SM
MD
LG