Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Кыргызстан Алматыда ат спорту боюнча мелдешке катышууда


3-июлда Алматы шаарында ат спортунун конкур түрү боюнча Борбор Азия лигасынын дүйнө кубогунун үчүнчү этаптык мелдештери башталды. Мында Кыргызстандын намысын ат спорт чеберлери Садыр Мамытов, Ринат Галимов, Камил Сабитов жана Игор Козубаев коргоп, өнөрүн көрсөтүүдө. Дүйнө кубогунун биринчи этабы Ташкент шаарында, экинчиси Бишкекте өткөн. Эки этапта тең Чарлиз аттуу аргымагы менен кыргызстандык Ринат Галимов биринчи орунду ээлеген.

- Учурда Алматыда өтүп жаткан аргымакты бийик тоскоолдуктардан секиртүү мелдешинде Ринат Галимов байгелүү орунду камсыз кылса, анда ага дүйнө кубогунун финалдык мелдештерине жолдомо ыйгарылат, - деди “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев.

Мелдештин жеңүүчүлөрү 5-июлда аныкталат. (КМа)

XS
SM
MD
LG