Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:23

Ошто жашыруун иштеп жаткан казинолор аныкталды


Ош шаарындагы Алымбеков көчөсүндө “Компьютердик оюндар” деген ат менен иш жүргүзгөн клубда жашыруун казино бар экени аныкталды. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Ошондой эле Зайнабидинов көчөсүндө да интернет-клуб катары катталган казино табылып, эки факт боюнча кылмыш иши козголду.

Кыргызстанда казинолордун ишмердүүлүк жүргүзүшүнө 2012-жылдын 1-январынан тарта мыйзам аркылуу тыюу салынган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG