Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Венада Иран боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы башталды


Еврокомиссиянын вице-президенти Кэтрин Эштон менен Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф, Вена, 3-июль, 2014
Еврокомиссиянын вице-президенти Кэтрин Эштон менен Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф, Вена, 3-июль, 2014

20-июлда бул үчүн чегерилген мөөнөт аяктайт. Ошондуктан Иран менен дүйнөнүн ири мамлекеттери – АКШ, Орусия, Кытай, Франция, Британия жана Германия азыр тегерек үстөлдөгү сүйлөшүүлөрдө акыркы чечимди кабыл алганга аракет кылышууда.

Аталган мамлекеттер Иранды “өзүндө атомдук курал жасап жатат” деп чочулап, Тегеранды ядролук программасынан баш тартууга көндүрө албай келишет. Иран болсо анын бул жааттагы аракеттери жайчылык максатты гана көздөй турганын айтууда. Ортодо азыр алар мунаса табылгыдай келишимге жетишкенге аракет кылып жатышат. Бүгүн башталган сүйлөшүүлөрдүн алдынан Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф “Тегеранга аткарылгыс талаптарды койбоого" үндөдү.

XS
SM
MD
LG