Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

“Булгариянын” чөгүп кетиши боюнча бүгүн сот өкүмүн угузууда


Татарстандын борбору Казандагы сот 2011-жылы Волга дарыясына жүргүнчүлөргө толо кеме чөгүп кетишине жооптуу деп таанылгандарга өкүмүн чыгарууда. Судья өкүмдү угузуу бир нече күнгө созулушу мүмкүндүгүн эскертти.

Үч жыл мурун 10-июлда “Булгария” дарыяга чөгүп, 122 адам набыт болгон. Арасында ондогон жаш балдар бар болчу. Айыпталып жаткан беш кишинин ичинде кемени ижарага алып иштеткен фирманын жетекчиси, капитандын жардамчысы жана регионалдык бийликтин өкүлү бар. Аларды “кызмат абалынан кыянат пайдаланган”, “адам өлүмүнө себеп болгон кырсыктын алдын алыш үчүн коопсуздук эрежелерин сактабай койгон” деп күнөөлөп жатышат. Төртөө күнөөнү мойунуна алган эмес. Прокурорлор аларды 6 жылдан 14,5 жылга чейин камоону сунушташты.

XS
SM
MD
LG