Бул тууралуу ички иштер министрлигинин онунчу башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жапаркулов 3-июлда билдирди. Анын айтымына караганда, азыркы кезге карай чет өлкөлүк 40 миң 523 киши расмий катталып иштөөдө.
Ички иштер министрлиги 3 миңден ашуун жаран мыйзам бузуу менен Кыргызстанда жүргөнүн аныктап, көпчүлүгүнө айып салган. Ал эми Токмоктогу окуя боюнча Кытайдын 25 жараны депортацияланып, 9уна айып салынды. Кыргызстанда иштеп жаткан 13 компанияда чет өлкөлүк жарандар көп. Булар негизинен Кыргызстанда бир катар ири долбоорлорду аткарып жаткан Кытай компаниялары. (AiT)