Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Күрт лидери референдумга даярдык көрүүгө парламентти чакырды


Ирактагы күрт регионунун лидери Масуд Барзани 3-июлда парламентке кайрылып, эгемендик жарыялоо үчүн референдум өткөрүүчү комитет түзүүнү сурады. Комитет референдумдун мөөнөтүн да аныктоого тийиш. Бул кадамдар Кошмо Штаттар күрт лидерине кайрылып, Багдад менен бир болууга чакыруусуна карабай жасалууда.

Иракта түзүлгөн кырдаалга жараша күрттөр өздөрүнүн аймагын 40% кеңейтип, эгемендик жарыялоого кам көрүүдө. Иракта 5 млн. күрт бар экени маалым. (AiT)

XS
SM
MD
LG