Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Сирия учактары Ирак менен чектеш аймакты бомбалады


Ирактын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, бомбалоо учурунда үч жаран өлүмгө учураган. Сирия өкмөтү Ирак менен Сириянын чек арасында “Ирак жана Левант ислам мамлекети” уюшулмасы бекемделип алуусуна жол бербөө максатында бомбалаган. Ирактын айрым аскер жетекчилери Сауд Арабия менен Ирактын чек арасынан аскерлер чыгарылды деген маалыматты четке кагышты.

Мындай четке кагуу Дубайдын "ал-Арабия" телеканалы Сауд Арабия Ирак менен чектеш аймактарга 30 миңдик аскердик контингентти жайгаштырды деген маалымат чыккандан кийин пайда болду. (AiT)

XS
SM
MD
LG