Бүгүн Бишкектеги чоң стадиондо медицина кызматкерлеринин күнүнө карата 400 метр жарышып чуркоо, кол күрөш жана аркан тартмай мелдештери өтүүдө. Жарыш башталаарда иш-чаранын катышуучулары менен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жолугуп, саламаттыкты сактоо тармагынын ийгиликтери жана көйгөйлөрү тууралуу учкай сөз айтты. Дени сак жашоонун башаты дене тарбия экенин эскертип, бул багыт мамлекеттик саясаттын негизги векторлорунун бири экенин кошумчалады.
Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, Бишкектеги иш-чарага 250, ал эми республиканын аймактарындагы шаар, райондордо 5 миңге жакын медицина кызматкери катышууда.
Мисалы, Жалал-Абадда өткөн акция "Сергек жашоону өзүңдөн башта" деп аталды. Облустагы 55 медицина кызматкери "Саламаттыкты сактоонун мыктысы" төш белгиси менен сыйланды. Облус боюнча бүгүнкү күндө 200гө жакын адис жетишпейт.
Саламаттыкты сактоо тармагында иштегендердин кесиптик майрамы Кыргызстанда июль айынын биринчи жекшембисинде белгиленет. (RK/RsK)