Кыргызстандык теологдор, эксперттер муфтият жана күч кызматкерлери менен бирге жыйын куруп, өлкөдөгү диний абалды, экстремизм жана радикализмге каршы туруу жолдорун талкуулашат. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан Ислам илимий-изилдөө институтунан кабарлашты. Талкуулана турган маселелер катарында диний билим берүүнү жөнгө салуу көйгөйү да бар. Жыйын 7-июлда Бишкекте өтөт, ага эл аралык уюм өкүлдөрү да катышат.
Кечээ президент Алмазбек Атамбаев "Ыйман" фондунун жетекчилигин кабыл алып, чыныгы исламды элге туура түшүндүрүүгө көмөктөшүүгө чакырган болчу. (RK)