Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Эболанын вакцинасы табыла элек


Африканын батышында өрчүгөн Эбола вирусу менен күрөшүү максатында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) демилгеси боюнча 11 Африка өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо министрлери шашылыш жыйын өткөрүштү. Акыркы маалымат боюнча Эболадан каза тапкандардын саны 445 киши болуп, 1 500 адам бул дартты жуктуруп алган. Оору Гвинея, Сьерра-Леоне жана Либерияда өөрчүп жатат.

Эки күндүк жыйында министрлер вирустун калк арасында кеӊири жайылышын токтотуу үчүн биргелешип чара көрүүгө макулдашышты. ДСУ Африка чөлкөмүн көзөмөлгө алып, ооруну токтотууга керектүү чара көрмөкчү. Ооруп калган киши менен тыгыз байланыш болгондон улам жуккан Эбола вирусуна азырынча вакцина табыла элек. (BCh)

XS
SM
MD
LG