Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Тогуз коргоол мелдешинде кыргызстандыктар үч медал алды


Бүгүн, 4-июлда кыргызстандык 5 спортчу Монголиядан 3 медал утуп, олжолуу кайтып келди. Алар Баян-Улгий шаарында өткөн тогуз коргоол боюнча эл аралык турнирге катышып,улан-кыздар арасында Кубаныч Ибраимов менен Айтурган Максатбек кызы күмүш байгелүү болду. Чоңдор арасындагы акыл таймашында Адилет Деңизбек кызы үчүнчү орунду ээлеп, 400 АКШ доллар байге алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” башкы устат Нурия Султанмуратова кабарлады.

Тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай жана Монголиядан оюнчулар катышты. Акыл таймашы 26-июндан 30-июнга чейин болду. Бул мелдеш 11-18-июлда Чехиянын Пардубице шаарында баштала турган интеллектуалдык олимпиада оюндарына катышууга даярдыкты сыноо катары өттү. (КМа)

XS
SM
MD
LG