Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Токтогулдун музейин оңдоого убада кылынган акча бериле элек


Акын-демократ Токтогул Сатылгановдун Токтогул районундагы Чолпон-Ата айылында турган музейин оңдоого зарыл болгон 3 миллион сомду өкмөт бөлүп бере элек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облбийликтин маалымат катчысы Жолдошбай Осмонов билдирди. Бирок, ага карабасатан, оңдоо иши башталды. Аны Бишкектен барган "Бек-курулуш" компаниясы жүргүзүүдө.

Осмоновдун айтымында, музейге Токтогул шаарчасынан баруучу жети чакырым жол оңдолуп жатат. Токтогулдун 150 жылдыгы анын аты коюлган райондо быйыл күзүндө белгиленет. (YA)

XS
SM
MD
LG