Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Жаш активист милицияны айыптоодо


"Прогресс" коомдук фондунун жетекчиси Адил Турдукулов ушу тапта аны милиция кызматкерлери мыйзамсыз кармап кеткени жатканын "Азаттыкка" билдирүүдө.

- Мени Улуттук университеттин башкы имаратынын алдына чакырышкан. Келсем эч нерсе түшүндүрбөй кармап кеткени жатышат, - дейт ал.

Бишкек милициясынын маалымат кызматы бул кабардын чын-төгүнүн тактоодо.

Буга чейин Турдукулов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына шаардык милициянын башчысы Мелис Турганбаевди сындаганы үчүн Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы чакыртып, ошол жазууну өчүрүп салууну өтүнгөнүн, бирок ал талапты аткарбай турганын жазган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG