Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Британияда премьер-министрдин кеңешчиси 1,5 жылга кесилди


Британияда премьер-министр Дэвид Кэмерондун коомдук байланыш боюнча мурдагы кеңешчиси Энди Коулсон 18 айга абакка кесилди. Ал британ жарандарынын телефондорун тыңшаган ири кутумга катышкан деп айыпталды.

Соттук угуунун жүрүшүндө Коулсон жана башкалар жүздөгөн атактуулардын, саясатчылардын жана башка адамдардын телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшап жүрүшкөнү маалым болду. Алардын арасында ханзаадалар Уилям жана Гарри, Жеймс Бондду ойногон актер Дэниел Крейг, атактуу моделдер Кейт Мосс жана Эл Макферсон, Англия футбол курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Свен-Еран Эрикссон дагы бар экени белгилүү болду. Жалпысынан алардын курмандыктарынын саны 5500 адамга жеткен.

Коулсон 2003-2007-жылдары “News of the world” гезитинин башкы редакторлук кызматын аркалаган. Сегиз айга созулган сот процессинен кийин аны менен кошо мурдагы үч журналист жана жеке детектив Гленн Маркер дагы кесилди.

XS
SM
MD
LG