Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

Киев: Кличко гей-парад өткөрбөөгө чакырды

Киевдин мэри Виталий Кличко ЛГБТ коомчулугун борбордо гей-жүрүш өткөрбөөгө чакырды.

Жума күнү журналисттерге маалымат берип жатып, Кличко “Учурда өлкөдө аскерий операциялар жүрүп, көптөгөн адамдар набыт болуп жатканда көңүл ачуучу иш-чаралардын өткөрүлүшү туура эмес деп эсептейм” - деп билдирди.

Ошондой эле ал мэрияга ЛГБТ коомчулугу 5-июлда өткөрө турган жүрүш боюнча эч кандай билдирүү түшпөгөнүн белгиледи.

Мурдараак Киевдин укук коргоо органдары дагы уюштуруучулардан бул маршты өткөрбөөнү суранышкан.

Украинанын Улуттук ЛГБТ-порталына чыккан маалыматка ылайык, ишемби күнү эртең менен “КиевПрайд-2014” теңдик маршын өткөрүү пландалган.

​
XS
SM
MD
LG