Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Иерусалимдин чыгышында полиция менен кагылышуу болду


Иерусалимдин чыгыш жагында жана Израилдин түндүгүндөгү арабдар жашаган аймакта полиция менен палестиналыктардын ортосунда бүгүн кагылышуу болду. Палестиналыктар нааразылыкка араб өспүрүмүнүн сөөгү жерге берилгендин эртеси чыккан.

Associated Press кабарлагандай, демонстранттар машиналардын дөңгөлөгүн өрттөп, полицияга ичине күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргыткан. Полиция болсо аларга көздөн жаш агызуучу газ чачып, кулак тундурган гранаталарды ыргытты. Жыйырмадай адам кармалды.

Палестиналыктар 16 жаштагы араб жигитин израилдиктер "өзүлөрүнүн үч окуучу баласынын өлүмү үчүн өч алуу максатында өлтүрдү" деп айыптоодо. Анын сөөгү шаршемби күнү Иерусалимде табылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG