Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Баткен: Жарым жылда чек арада 32 чыр катталды


Баткен облусунда соңку жарым жыл ичинде чек арадагы түрдүү чыр-чатактар боюнча 32 факт катталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Анарбай Алимбаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, бул окуялардын дээрлик баары Тажикстан менен чек аралаш аймакта катталган. Өткөн жылдын алгачкы алты айында 30 чыр болсо, 2012-жылдын ушул мезгилинде 12 окуя болгон.

Былтыр 17-декабрда Кыргызстан Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушун баштаган. 11-январда тажик тарап буга каршы чыгып, эки өлкө чек арачыларынын куралдуу кагылышуусу орун алган. Ошондон бери чек араны жабуу, жол тороо менен катар түрдүү майда чыр-чатактар болуп отуруп 7-майда дагы жаңжал тутанган. Тажик жарандары Кыргызстандын Көк-Терек айылына кирип, дүкөн, кампа, май куйган бекет, 2 камазды өрттөп жиберген. Кыргызстан тараптан 17 киши жабыркап, бирөө октон жараат алган.

7-майдагы окуя боюнча 7 миллион сомдук компенсацияны тажик тарап төлөп бермей болууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG