Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:57

Донецк жана Луганскта аскердик операция уланат

Украинанын президенти Петро Порошенко Славянск шаарын бошотуудагы армиянын ийгилигин орусиячыл жикчилер менен күрөштөгү “бурулуш” деп атады. 5-июлда украин президенти Славянскты бошотууну “толук жеңиш” деп атоого болбой турганын белгилеп, Донецк жана Луганск облустарын бошотуу операциясы уланарын билдирди. Премьер-министр Арсений Яценюк болсо Славянсктагы полиция, сот жана саламаттык сактоо мекемелеринин ишин тезинен калыбына келтирүү тапшырмасын берди. Президент менен премьер-министрдин бул билдирүүлөрү ишембиде өкмөттүк аскерлер Славянскты жикчилдерден тазалап, шаарда Украинанын мамлекеттик туусун орноткон соң таратылды. Аскердик операция маалында бир нече жикчи набыт болуп, онго жакыны жараат алганы маалымдалууда.

​
XS
SM
MD
LG