Ооганстанда президенттикке талапкер Ашраф Гани өз атаандашы Абдулло Абдулло менен коалицияга биригүү тууралуу сүйлөшүү өткөргөнүн төгүнгө чыгарды. Ишемби күнү ал журналисттерге сүйлөп жатып, аны менен доктор Абдуллонун ортосунда эч кандай сүйлөшүү болбогонун жарыя кылды. Өз сөзүндө Гани “Айрым адамдар бизди сүйлөшүүгө бардыбы деп кызыгып, сурап жатышат. Мунун жообу ачык эле, биз эч кандай сүйлөшүүгө барган жокпуз” деди.
Ашраф Гани менен Абдулло Абдуллонун мамилеси 14-июндагы президенттик шайлоонун экинчи турунан соң бузулуп, ар бири өзүн шайлоонун жеңүүчүсү деп атаган. Шайлоодон кийин Абдулла добуш саноону токтотууну талап кылган. Ал Ганиге “болуп көрбөгөндөй көз боёмочулук менен эки миллиондон ашык жасалма добуш берилди” деп, атаандашын айыптаган. Гани бул айыптоолорду четке кагып, шайлоо салыштырмалуу таза өттү деп билдирүүдө. Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгын 7-июлда жарыялашы керек.