Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Бишкекте кыздар футболунун чемпионаты өтүүдө


5-июлдан бери Бишкекте кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча өлкө чемпионаты өтүп жатат. Анда өлкө аймагынан тандалган 6 команда мөрөй талашууда. Биринчи беттешүүдө Талас облусунун кыздарынын тандалма командасы менен Чүй облусунун тандалма командалары беттешти. Мында чүйлүк футболчу кыздар 3:0 эсебинде таластык кыздарды утуп алышты. Бүгүнкү экинчи оюнда Кант шаарынын “Абдыш-Ата” кыздар командасы менен түштүк аймактын тандалма командасы күч сынашты. Анда “Абдыш-Ата” командасынын чеберчилиги байкалып, 3:0 эсебинде утуп, 3 упайга ээ болду.

Быйыл октябрь айында Шри-Ланка өлкөсүндө 16 жаштагы кыздар арасында Азия чемпионатынын мыктыларды тандоо мелдештери болмокчу. Ошондуктан мыкты ойноп, көзгө көрүнгөн кыздар өлкөнүн тандалма командасына мүчө болушат. (КМа)

XS
SM
MD
LG