Ирак менен Сириянын айрым аймактарын көзөмөлдөп турган согушчандардан башчысы тартылган видео тасма интернетке жарыяланды. 5-июлда жүктөлгөн тасмада “Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети» деп аталган ал-каидачыл уюшманын жетекчиси Абу Бакир ал-Багдади Мосул шаарындагы мечитте сүйлөп жатканы көрсөтүлөт.
29-июнда Ирак менен Сирия аймагында ислам халифаты түзүлгөнүн жарыялаган Багдади дүйнөдөгү бардык мусулмандарды өзүнө баш ийүүгө чакырган. Тасмада башына кара чалма чалып, кара кийим кийген Багдади 4-июлдагы жума намазында сүйлөп жаткандай. Азырынча тасмадагы адамдын өзүн халиф жарыялаган Багдади экени эч ким тастыктай элек. Мосул шаарын “Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети" террорчул тобу өткөн айда ээлеген.