Буга чейин 18 адам набыт болгону кабарланган. Reuters агенттиги Кения Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып билдиргендей, 20 адам Тана Ривер провинциясындагы Гамба районунда согушкерлер полиция участогун аткылаган кезде, ал эми 9 киши Хинди шаарындагы Ламу соода портундагы чабуул учурунда мерт кетти.
Ишемби күнү кечинде болгон бул кол салууларга жоопкерчиликти “ал-Каида” менен байланышы бар “ал-Шабаб” террорчу уюму өзүнө алды. Бул уюм Сомалиде түзүлгөн. Алардын кол салуулары кениялык аскерлердин Сомалинин түштүгүндөгү антитеррордук операцияларга катышканы үчүн өч алуу деп бааланууда.