Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:16

Жалал-Абадда көп санда жасалма авиабилет саткан айым кармалды


Жалал-Абад облусунун аймагындагы жеке авиакассаларга эл аралык багыттагы каттамдар үчүн жасалма билет сатып, “60ка жакын адамды чуу түшүргөн” деген шек менен шаар тургуну – Феруза Абдуллаеванын үстүнөн кылмыш иши козголду. Иликтөөнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы жүргүзүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн аптада Орусиянын түрдүү багыттарына 28 миң сомго чейин сатылган билеттер жасалма болуп чыгып, ондогон кишилер уча албай калган. Облус аймагында Абдуллаевадан билет алып саткан 8 авиакасса өкүлү анын үстүнөн арызданышкан.

Азырынча шектүү тараптан эч кандай комментарий боло элек. (RsK)

XS
SM
MD
LG