Көз карандысыз шайлоо комиссиясы толук жыйынтыкты дагы эки жумадан кийин чыгарат. Аймактардагы бир катар добушканаларда бюллетендер кайрадан саналып чыкты.
14-июнда өткөн шайлоонун экинчи турунан соң президенттикке талапкер Абдулла добуш саноону токтотууну талап кылган. Ал “Ашраф Ганиге көз боёмочулук менен эки миллиондон ашык жасалма добуш берилди” деп атаандашын айыптаган. Гани бул айыптоолорду четке кагып, шайлоо салыштырмалуу таза өткөнүн белгилеп келет.
Мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла өлкөнүн түндүгүндөгү шайлоочулардын күчтүү колдоосуна ээ. Ал эми Ашраф Ганини Ооганстандын түштүгү менен чыгышы колдойт.
Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 5-апрелде болгон. Анда 8 талапкер ат салышып, Абдулла Абдулла 45%, Ашраф Гани 31.6% добуш менен экинчи айлампага өтүшкөн. Учурда мамлекетти Хамид Карзай башкарат.