Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Бүгүн Иса Өмүркуловго карата сот өкүмү чыгары күтүлүүдө


Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн экс-мэр Иса Өмүркуловго жана мэриянын 4 кызматкерине карата козголгон кылмыш иш боюнча өкүм чыгарышы күтүлүп жатат. Жогорку Соттун маалыматы кызматы билдиргендей, 25-июнь күнкү отурум соттолуучулардын бири Молдокмат Тезекбаевдин ооруп калганына байланыштуу 7-июлга жылдырылган. Мамлекеттик айыптоочулар Өмүркуловду 8 жылга эркинен ажыратууну суранышкан.

Иса Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси боюнча Башкы прокуратура өткөн жылдын декабрында кылмыш ишин козгогон. Ал 2011-жылы Бишкектеги Жеңиш паркынан 16 гектар жерди жеке жана юридикалык жактарга 49 жылга ижарага мыйзамсыз берип салган деп айыпталып жатат.

Кылмыш иш козголгон соң Иса Өмүркулов өз арызы менен кызматтан кеткен. Бирок ал айыптоону негизсиз экенин айтып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG