Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Студенттер Жол кайгуул кызматына нааразылык билдирип чыкты


Республикалык Жол кайгуул кызматынын имаратынын алдында Ош мамлекеттик университетинин 30га жакын студенти нааразылык акциясын өткөрүүдө. Алар кызматтын жетекчилигинен 6-июлда Бишкек - Каракол жолундагы окуяны иликтөөнү талап кылып жатышат. Студенттердин айтымында, алар Ысык-Көлгө эс алууга баратышкан. Жолдо студенттер түшкөн унааны жол кайгуул кызматкери токтотуп, айдоочудан 10 миң сом пара талап кылган. Студенттер бул окуяны териштирип, пара талап кылган кызматкерди жоопко тартууга чакырууда. Учурда студенттердин өкүлү Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талант Исаев менен жолугуп жатат.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG