Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

Ооганстанда шайлоонун алгачкы жыйынтыгы бүгүн чыгарылат


Ооганстанда 14-июнда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын алгачкы жыйынтыктары бүгүн жарыяланышы керек. Анын алдынан талапкерлер Абдулла Абдулла менен Ашраф Ганинин өкүлдөрү “добуштарды саноодогу чыңалууну басуу үчүн” жолугушту. Талапкерлер экөө тең бири-бирин добуш саноо процессине таасир этип, жыйынтыкты бурмалоого аракет кылып жатат деп айыпташууда. Абдулла добуш саноону “акыйкатсыз” жүрүп жатат десе, Гани өзүнүн атаандашына караганда бир миллионго жакын ашыкча добуш алганын айткан.

XS
SM
MD
LG