Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:31

Ошту суюлтулган газ менен камсыздоо жолдору изилденүүдө


Ошту суюлтулган газ менен камсыз кылуунун жолдору изилденип жатат. Бул тууралуу "Кыргызгаз” ишканасынын маалымат катчысы Рысбек Арунов кабарлады. Анын айтымында, президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасынын негизинде Оштогу керектөөчүлөргө суюлтулган газ жеткирип берүү жолдору изилденип жатат.

Ош шаары 14-апрелден бери көгүлтүр отунсуз отурат. Себеби "Кыргызгазды" өкмөт Орусияга бир долларга сатып жибергенден кийин Өзбекстандын "Узтрансгаз" ишканасы газ берүүнү токтотуп койгон.

Кыргыз өкмөтү газ маселесин чечүү боюнча өзбек бийлиги сөзгө келбей жатканын билдирүүдө. Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү Өзбекстан өлкөнүн түштүк аймагына газ берүүнү калыбына келтирүү үчүн Сох эксклавына коридор ачуу жана Нарын дарыясында курулуп жаткан ГЭСтер боюнча эл аралык экспертиза жүргүзүүнү талап кылганын айтып чыгышкан.

Андан соң президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын түштүк аймагындагы абоненттерди жаратылыш газынан суюлтулган газга өткөрүүнү сунуштаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG