Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

Киев: Донецк менен Луганск “толук камоого алынат”


Михаил Коваль
Михаил Коваль

Өкмөттүн бул планы тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын жана Коргоо кеңешинин төрагасынын орун басары Михаило Коваль билдирди. Бул, анын айтымында, чыгыштагы эки региондогу орусиячыл сепаратисттерди куралсыздандыруу максатында жасалат. Ал эми сепаратисттер болсо “аймакты аскерий блокадага алуу аракети кризисти чечүүнүн саясий жолун толук жокко чыгарат” дешти.

Өкмөттүк аскерлер Словянскка кайра көзөмөлдү орнотушкандан кийин, орусиячыл топтор Донецк менен Луганскта уюмдаша баштаганы кабарланууда. Бүгүн, кабарларга караганда, Донецкке кетчү жолдордогу үч көпүрөнү белгисиз бирөөлөр жардырган.

XS
SM
MD
LG