Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Олланд менен Обама Путинди жикчилерге басым көргөзүүгө чакырды


АКШ президенти Барак Обама менен Франция мамлекет жетекчиси Франсуа Олланд орус өлкө башчысы Владимир Путинди чыгыш Украинадагы жикчилерге басым көрсөтүүгө үндөдү. Елисей сарайынын басма сөз кызматы билдиргендей, Олланд жана Обама Путин менен телефон аркылуу 45 мүнөт сүйлөшүштү. АКШ жана Франция мамлекет башчылары Путинди жикчилерге басым өткөрүүгө гана эмес, орус-украин чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүүгө да чакырышканы кабарланууда.

Ал арада 7-июль күнү Донецкке алып баруучу үч көпүрө жикчилер тарабынан жардырылды. Украин коопсуздук кеңеши жардыруулар армия Донецк жана Луганск аймагындагы блокаданы жоёр алдында болгонун билдирди.

Донецк жана Луганск аймактарын өкмөт күчтөрү өз көзөмөлүнө алгандыктан жикчилер башка аймакка которуларын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG