Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Бахрейнде АКШ дипломаты персона нон-грата деп жарыяланды


Бахрейн бийлиги шиит оппозициясынын активисттери менен жолукканы үчүн АКШ мамлекеттик катчысынын адам укуктары жана демократия боюнча кеңешчиси Том Малиновскини мамлекеттен чыгып кетишин талап кылды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбү күнү маалымдады. Билдирүүдө америкалык жогорку даражадагы дипломат башка өлкөнүн ички иштерине кийлигишип жатканы белгиленген.

Малиновски үч күндүк сапар менен Бахрейнге 6-июль күнү барган болчу. Анын оппозициялык маанайдагы “ал-Вефак” уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуусу бийликтин сынына кабылды.

"Ал-Вефак" уюмунун мүчөлөрү дээрлик күн сайын нааразылык акциясын уюштуруп, суннитчилер башкарып жаткан королдуктан өздөрүнө көбүрөөк саясий укук берилишин талап кылышат.

XS
SM
MD
LG