Швейцария Конфедерациясы «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо системасын жана канализациясын реабилитациялоо» долбооруна 7 млн. 450 миң евро өлчөмүндө жардам көрсөтөт. Каражаттан 6 млн. 800 миңи инвестициялык компоненттерди каржылоого, 600 миңи техникалык колдоого жумшалат. Өкмөттөр аралык гранттык макулдашууга 7-июлда кол коюлганын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкекти суу менен камсыздоону жакшыртууга багытталган аталган долбоордун жалпы суммасы 16 млн. 950 миң еврону түзөт. Долбоорду ишке ашыруу шаар мэриясына жүктөлгөн. (SE)