Бүгүн Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазанын айдоочулары мекеменин мурдагы жетекчиси Кочкорбай Алдозовдун кызматтан алынышына нааразы болуп, иш таштоого чыгат. Бул тууралуу “Азаттыкка” айдоочулар өздөрү кабарлашты.
Алдозовдун кызматтан алынышына нааразы болуп, ушул айдын башында айдоочулар мэрияга кайрылган. Талаптары аткарылбаса нааразылык акциясын башташарын белгилешкен. Кайрылууга ишканадагы 26 айдоочу кол койгон.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын уюштуруу иштери жана кадр маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Малика Мустапакулова Алдозов атайын комиссиянын текшерүүсүнүн негизинде кызматтан четтетилгенин билдирген.
7-июлда айдоочулар менен вице-мэр Турдалы Темирбаев жолугуп, талаптарын мыйзамдуу жол менен ишке ашырууну сунуштаган.
Автобазадагы 15 автобус 2 багыт боюнча жүргүнчүлөрдү тейлейт, 30 айдоочу эмгектенет. (RsK)