Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Азербайжандан 10 миң тонна кумшекер келди


Канттын кымбаттап кетишине байланыштуу кыргыз өкмөтү Азербайжандан ири өлчөмдө арзандатылган баада кумшекер алды. 10 000 тонна шекер 7-июлда Бишкекке келди. Бүгүн вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев аны аймактарга бөлүштүрүү боюнча тийиштүү адистерге тапшырмаларды берет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдирди:

- Кумшекердин баасы Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында 44 сом 80 тыйындан болот, ал эми республиканын түштүгүндө транспорт чыгымдарын кошкондо 46-47 сомдон сатылат.

Азербайжандан дагы 10 миң тонна кумшекер алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр биринчи партия сатылып бүткөндөн кийин башталат.

Азербайжан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде кант өндүрүү боюнча алдыңкы мамлекеттердин бири.

Кыргызстандын базарларында ушул тапта кант 53 сомдон 60 сомго чейин сатылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG