Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

Дилгер Жапаровдун камактагы мөөнөтү узартылды


“Кыргызалтын” ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровдун камактагы мөөнөтү 28-июлга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын Жогорку Соттон кабарлашты.

Башкы прокуратура Дилгер Жапаровду “Кумтөр Голд компани” ишканасынан өкмөттүн макулдугусуз “Центерра Голд” компаниясына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыптап 29-майда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “коммерциялык жана башка уюмдардын өкүлдөрү тарабынан кызматтык абалынан пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жапаров учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. (BkA)



XS
SM
MD
LG