Жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканага кайрылгандардын саны быйыл өзгөчө көп болууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев кабарлады. Анын айтымында, былтыр июнь айында жардам сурап кайрылган 5 500 адамдын 1870и жаткырылган. Ал эми быйылкы июнда 7 200 адам кайрылып, анын 2312си ооруканага жатты. Бейтаптардын басымдуу көпчүлүгү ич өткөк болуп ооругандар.
Дарыгерлердин пикиринде, буга күндүн ысыгынан тамак-аш тез бузулуп, адамдар көчөдөн сатып алган мөмө-жемишти жуубай жеп, гигиенаны сактабаганы негизги себеп болууда.
Алиевдин айтымында, оорулууларды орун жана дары-дармек менен камсыз кылуу жагынан маселе жок. (RK)