Бул тууралуу УКМК алдындагы Коррупцияга каршы күрөш агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жашылдандыруу мекемесин текшерүү учурунда мурдагы жетекчи шаардан ижарага жер тилкесин мыйзамсыз бергени аныкталган. Мындан шаар бюджетине 1 миллион 800 миң сомго жакын чыгым келтирилген. Факт боюнча Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Жер мыйзамын бузуу” беренелери боюнча иш козголуп, тергөө башталды.(BkA)