Бишкек шаарынын башкы планында шаардыктар үчүн жашыруун эч нерсе деле жок. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов билдирди. Анын айтымында, учурда калаанын башкы планын коомчулукка жарыялоо боюнча иш башталды. Андагы топографиялык элементтер жана координаттар гана көрсөтүлбөйт:
- Жашыруун деле маалымат жок. Ал жерде калаадагы объекттердин схемасы. Бул планды ачыкка чыгаруу боюнча мыйзамдын кабыл алынганы жакшы болду. Антпесе, көптөгөн адамдар башкы планда мэрия көрсөтүүнү каалабаган маалымат бар деп ойлоп жүрүшкөн, - деди Кулматов.
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койгон мыйзамга ылайык калктуу пункттардын башкы планы мындан ары жергиликтүү бийликтердин интернеттеги сайтына жайгаштырылып, элге көрүнүктүү жерлерге илинүүгө тийиш.
Бишкек шаарында соңку бир нече жылдан бери жер тилкелери мыйзамсыз сатылып кетип жатканы жарандык коомдун сынына кабылып, буга генплан ачык болбогону негизги себеп экени айтылып келген. Жарандык активисттер сотко да кайрылып, пландын ачык болушуна жете албай койгон. (BkA)