Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

Ооганстанда бомба чабуулунан 12 ооган, 4 НАТО аскери набыт болду


Велосипедчен жанкечти бомбаны чех жоокерлер Баграм районундагы госпиталга барган тушта жардырган. Чабуулдан 10 ооган жаран, полициянын эки кызматкери жана НАТОнун 4 жоокери курман болгонун Парван провинциалдык өкмөтүнүн өкүлү билдирди. НАТОнун курамындагы чех аскерлеринин өкүлү 4 чех жоокер өлгөнүн, бирөө оор жарадар болгонун тастыктады. Жардыруудан дагы сегиз жаран, анын ичинде бир бала жараат алды. Чабуул үчүн жоопкерчиликти талиптер өздөрүнө алды.

Талиптерге каршы 12 жылдан бери согушкан НАТО башындагы чет элдик аскерлер Ооганстанды калтырып кеткенге камаданып жатканда өлкөдөгү коопсуздук кырдаалы бир кыйла татаалдады.

XS
SM
MD
LG