Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

АКШ Ооганстанда бийликти басып алуу коркунучуна кооптонууда


Бийликти басып алуу аракети болсо Ооганстан эл аралык жардамдан айрылат. Мындай эскертүүнү АКШ Мамкатчысы Жон Керри 7-июлда жарыяланган шайлоонун алдын ала жыйынтыгы президенттикке талапкерлер Абдулла Абдулла менен Ашраф Ганинин ортосунда талаш жаратканына байланыштуу жасады. Керринин 8-июлдагы билдирүүсүндө “параллелдүү өкмөт түзүү” сунушу тууралуу кабарларга “өтө кабатыр” экени жана Вашингтондун шайлоо учурундагы мыйзамсыздыктар тууралуу негиздүү дооматтарын БШК иликтейт деген тилеги айтылат.

Абдулла Абдулланын өкүлү шайлоонун алдын ала жыйынтыгын “кутум” деп атап, Абдулла 8-июлда өз улуттук өкмөтүн түзөт деп билдирген. Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясынын маалымдашынча, 14-июнда добуш бергендердин 56,44 проценти Ашраф Ганини жана 43,56 проценти Абдулла Абдулланы колдогон.

Абдулла 8-июлда Кабылда өз жактоочулары алдында сүйлөп, президенттик шайлоодо жеңгенин жана анын жыйынтыгын эч качан тааныбасын жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG