Полициячыларды Атырау шаардык соту күнөөнү моюнуна алдыруу үчүн айыпкер деп шектелген адамды былтыр декабрда уруп кыйнаган деп тапты жана бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратты.
Казакстан үчүн полициячыларды адамды уруп кыйнады же жарандардын адамдык насил-наркын тепседи деп соттоо сейрек көрүнүш. Бирок 2013-жылы ноябрда Акмоло облусунда эки полициячы адамдарды уруп-сабаган деп айыпталып, үч жылга соттолгон. Январда Кустанайдын соту 2007-жылы полиция кыйнаган адамга көргөн кордугу үчүн компенсация төлөп берилсин деген өкүм чыгарган. Бул Казакстан жана башка Борбор Азия мамлекеттери үчүн тарыхый окуя дешет серепчилер.