Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Баткенде тоютту сыртка чыгарууга тыюу салынды


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык быйылкы жыл кургакчыл болгондуктан облус аймагында айдалган чөптү өз учурунда коромжусуз жыйнап алуу жана жылдагынан арбын топтоо боюнча атайын буйрук чыкты. Мындан тышкары кыш мезгилиндеги тоют тартыштыгын алдын алуу үчүн милицияга, чек арачыларга, бажы кызматына облус аймагындагы тоютту кошуна мамлекеттерге чыгарбоо тапшырмасы берилди.

Баткен облусунда жалпысынан 120 миң бодо мал жана 475 миң майда мал жандык бар. Жалпы 200 миң тонна чөп топтолот. (JsA)

XS
SM
MD
LG