Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Ысык-Көлдө “Алтын-Кум” эс алуу жайында мушташ чыкты


Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы “Алтын-Кум” пансионатында эс алуучулар менен коопсуздук кызматкерлери ортосунда араздашуу чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Окуя 6-июль күнү болгон. Милициянын айтымында, мушташка катышкан эс алуучулар мас болчу. Окуя боюнча милицияга арыздануу катталган жок.

Быйылкы жайкы сезондо эс алуучулардын коопсуздугун сактоого 600 кызматкер тартылган. Бул боюнча атайын штаб түзүлгөн. Облуста 188 эс алуу жайы бар. (MK/BkA)

XS
SM
MD
LG