Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Абдулла президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт


Ооганстандын президенттигине талапкер Абдулла Абдулла 8-июлда Кабылда өз жактоочулары алдында сүйлөп, талаштуу президенттик шайлоодо жеңгенин жана анын жыйынтыгын эч качан тааныбасын жарыя кылды.

"Биздин абийирибиз бар. Биз элдин добушун сыйлайбыз. Биз жеңгенбиз" деди Абдулла жана Ашраф Ганинин жеңүүсү үчүн добуш уурдалганын айтты. “Биз жарандык согушту каалабайбыз. Кризисти каалабайбыз. Биз туруктуулукту, бөлүнүү эмес, улуттук биримдикти каалайбыз” деди Абдулла. Анын тарапкерлери Абдулла бүгүн өз өкмөтүн жарыялайт деп боолгоп жаткан.

АКШ Мамкатчысы Жон Керри 8-июлда эгер бийликти мыйзамсыз жол менен басып алуу аракети болсо, Ооганстан эл аралык жардамдан айрыларын эскерткен.

Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясынын маалымдашынча, 14-июнда добуш бергендердин 56,44 проценти Ашраф Ганини жана 43,56 проценти Абдулла Абдулланы колдогон.

XS
SM
MD
LG